# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-3/55 «Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-3/55 «Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-3/55
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50157/edition/45513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-3/55 «Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө» токтому (08.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039097

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-3/55

«Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскартуу жөнүндө»

Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2025- жылдын 8-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартуу маселеси угулуп, талкууланып, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Төмөнкү салык түрлөрү боюнча планды кыскартуу:

-Юридикалык жактар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 526,3 ми;

- Жеке адамдар үчүнтранспорт каражаттарына салык – 6 200,0 миң сом;

- Айыл чарба багытындагы жерлерге жер салык – 2 456,1 миң сом.

Жалпы: 9 182,4 миң сом

2. Жогоруда көрсөтүлгөндүн негизинде төмөнкү бөлүм жана берене боюнча чыгаша бөлүгүн кыскартуу каралсын;

Б.71093 “Социалдык коргонуу кызматы” берене 31113290 “Башка курулмаларды куруу жана сатып алуу “ - 9 182,4 миң сом

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.Т. Урманбетов
