# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-августундагы № 01-3/48 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына карата аткарылган иштери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-августундагы № 01-3/48 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына карата аткарылган иштери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-3/48
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50149/edition/45479/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-августундагы № 01-3/48 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына карата аткарылган иштери тууралуу" токтому (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039072

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына карата аткарылган иштери тууралуу

Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы, ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисинин балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын II-кварталына аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.

2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:

-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.

- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берилип турсун.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Т.К.Кулжанов
