# Эргеш Алиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Эргеш Алиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50130/edition/45443/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эргеш Алиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №8 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу жөнүндө» токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039042

---

ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2025-жылдын 10-октябрындагы №8

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомуна жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтому боюнча айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.

2.Токтомду аткаруу максатында ваучердик режим менен Сакалды айылынын тургуну 18.09.2023-жылы туулган Тойчуева Аруужандын жана Коминтерн айылынын тургуну 30.01.2022-жылы туулган Ташмагамедов Амирдин жеке бала бакчасынын бир айлык үчтөн бир бөлүгү 2000 (эки миң) сом акча каражатын ай сайын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен төлөп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага

М.Ажикулов
