Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Эргеш Алиев айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу жөнүндө» токтому
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2025-жылдын 10-октябрындагы №8
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомун аткарууга алуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомуна жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтому боюнча айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Токтомду аткаруу максатында ваучердик режим менен Сакалды айылынын тургуну 18.09.2023-жылы туулган Тойчуева Аруужандын жана Коминтерн айылынын тургуну 30.01.2022-жылы туулган Ташмагамедов Амирдин жеке бала бакчасынын бир айлык үчтөн бир бөлүгү 2000 (эки миң) сом акча каражатын ай сайын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен төлөп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага
М.Ажикулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.