# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январы № 14 "Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январы № 14 "Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230039018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50172/edition/45416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230039018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январы № 14 "Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтому (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230039018

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 19-январы № 14

Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө Бюджеттик кредиттөө жол-жобосун регламенттөө максатында, “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 “Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинде: 2-пункттун 4-пункчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “4) бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине өндүрүп алынган мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруунун натыйжасында;”.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-январындагы № 4 (3764) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
