# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 116 "Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 116 "Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50101/edition/45363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 116 "Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө" токтому (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038974

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы 2025-жылдын 30-декабры № 116 Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 «Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелердин керектеген электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиева тарабынан берилген маалыматты угуп, бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-декабрындагы корутундусуна ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын кеңеши токтом кылат:

1. Кредиттер жылдырылсын:

70921 «Орто билим берүү жана билим берүү программалары» бөлүмү боюнча: 2222 беренесинин 22221210 элементинен – 852 000 сом 2231 беренесинин 22311200 элементине – 852 000 сом (электр энергиясы үчүн).

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова Г.Т.
