Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы 2025-жылдын 30-декабры № 116 Электр энергиясы үчүн карызды төлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 «Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелердин керектеген электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнүн башчысы А.А.Джумалиева тарабынан берилген маалыматты угуп, бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-декабрындагы корутундусуна ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын кеңеши токтом кылат:
1. Кредиттер жылдырылсын:
70921 «Орто билим берүү жана билим берүү программалары» бөлүмү боюнча: 2222 беренесинин 22221210 элементинен – 852 000 сом 2231 беренесинин 22311200 элементине – 852 000 сом (электр энергиясы үчүн).
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Булазова Г.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын…Постановление · 11.03.2022 · № 126