Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2026 года № 288 "Об условиях оплаты труда работников системы социального обеспечения населения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жалгыз жашаган улгайган жарандарды жана майыптыгы бар адамдарды үйүндө тейлеген социалдык кызматкерлерге квалификациялык талаптарды актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
A.А. Касымалиев
Тиркеме
"Тиркеме 7
Жалгыз жашаган улгайган жарандарды жана майыптыгы бар адамдарды үйлөрүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери
№
Кызмат орундун аталышы
Эселөө коэффициенти
1
Үйлөрүнө барып тейлеген социалдык кызматкер
1,85
Эскертүү:
1. Райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармалыктарынын аймактык бөлүмдөрүнүн социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматкерлеринин саны социалдык кызматкер тейлөөчү административдик-аймактык бирдиктин калктуу конуштарынын аралыгына жана тейлөөгө алынган адамдардын муктаждык даражасын эске алуу менен калктын санына жараша белгиленет.
2. Квалификациялык талаптар:
– жогорку, орто кесиптик, орто жалпы билими, соттуулугунун, наркологиялык жана алкоголдук көз карандылыгынын, психикалык же инфекциялык ооруларынын жоктугу.”.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 288 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 288
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 30.03.2022 · № 184 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 288 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 288
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн…Постановление · 30.03.2022 · № 184 · Күчүн жоготкон