1-берене
Күчүндө · 21.01.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 17-январы, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2025-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.";
2) 2-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жыйынды кирешелер боюнча 605 706 978,3 миң сом суммасында жана жыйынды чыгашалар боюнча 590 617 446,2 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.";
б) 2-бөлүктө "24 297 867,0" деген цифралар "15 089 532,1" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарын которуу 2025-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү аркылуу 89 094 401,8 миң сом суммасында белгиленсин. 2026-2027-жылдары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарын которуу аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда белгиленет.";
4) 5-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. 2025-жылы капиталдык салымдарды каржылоонун төмөнкү булактары 54 160 000,0 миң сом суммасында аныкталсын:
1) капиталдык салымдарды каржылоого 25 460 000,0 миң сом суммасында каралган каражаттардын көлөмү артыкчылыгын эске алуу менен 2025-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укуктук тартип, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын;
2) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге жайгаштырылуучу мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруудан 28 700 000,0 миң сом суммасындагы каражаттар.";
б) 4 жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-бөлүктө "2025-жылы - 1 500 000,0 миң сом" деген сөздөр "2025-жылы - 1 200 000,0 миң сом" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 12-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинде Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 3 000 000,0 миң сом суммасында максаттуу трансферттер түрүндө каражаттар каралсын.";
7) 13-берененин 1-бөлүгүндө "834 400,0" деген цифралар "1 195 310,3" деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене.
1. 2025-2027-жылдарга программалык чыгашалардын тизмеги 14-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Мамлекеттик органдар бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 14-тиркемеге ылайык берсин.";
9) жогоруда аталган Мыйзамдын 1-9, 12, 14-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1-11-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Берененин тексти 21.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230038956/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>