# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230038956/edition/45356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038956

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 21-январы № 5

"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038956/st-1)

"Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 17-январы, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2025-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.";

2) 2-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жыйынды кирешелер боюнча 605 706 978,3 миң сом суммасында жана жыйынды чыгашалар боюнча 590 617 446,2 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.";

б) 2-бөлүктө "24 297 867,0" деген цифралар "15 089 532,1" деген цифраларга алмаштырылсын;

3) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарын которуу 2025-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү аркылуу 89 094 401,8 миң сом суммасында белгиленсин. 2026-2027-жылдары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарын которуу аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда белгиленет.";

4) 5-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. 2025-жылы капиталдык салымдарды каржылоонун төмөнкү булактары 54 160 000,0 миң сом суммасында аныкталсын:

1) капиталдык салымдарды каржылоого 25 460 000,0 миң сом суммасында каралган каражаттардын көлөмү артыкчылыгын эске алуу менен 2025-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укуктук тартип, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын;

2) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге жайгаштырылуучу мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруудан 28 700 000,0 миң сом суммасындагы каражаттар.";

б) 4 жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 6-бөлүктө "2025-жылы - 1 500 000,0 миң сом" деген сөздөр "2025-жылы - 1 200 000,0 миң сом" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 8-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 12-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджетинде Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашалардын бөлүгүн жабууга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 3 000 000,0 миң сом суммасында максаттуу трансферттер түрүндө каражаттар каралсын.";

7) 13-берененин 1-бөлүгүндө "834 400,0" деген цифралар "1 195 310,3" деген цифраларга алмаштырылсын;

8) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19-берене.

1. 2025-2027-жылдарга программалык чыгашалардын тизмеги 14-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Мамлекеттик органдар бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 14-тиркемеге ылайык берсин.";

9) жогоруда аталган Мыйзамдын 1-9, 12, 14-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1-11-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038956/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 24-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

.
