Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаардык кенешинин 2025-жылдын 10-мартындагы №30/5-6 “Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Токмок шаарынын мекемелери арасында бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Токмок шаардык кеңешинин VI чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 24-декабры № 102/17-6
Токмок шаардык кенешинин 2025-жылдын 10-мартындагы №30/5-6 “Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Токмок шаарынын мекемелери арасында бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы кириш №01-07/222 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18‑декабрындагы отурумунун №24 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кенешинин 2025-жылдын 10-мартындагы №30/5-6 “Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомунун №1 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11111100 “Салык агенти төлөөчү киреше салыгы” беренеси боюнча “248045,4” деген цифралар “281045,4” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 31412110 “Айыл чарбасына жараксыз жерлерди саттуу” беренеси боюнча “0,0” деген цифралар “1810,6” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу 34810,6 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованиелерди Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 31111 “Турак жай имараттары жана жайлар” беренесине жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы М.Т.Эсеналиев ушул токтомдун 1‑2‑пункттарынан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине А.К.Эргешовго жүктөлсүн.
Төрага
М.Т. Тынайбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-марты №30/5-6 "Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2025 · № 30/5-6
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59