# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1186-т "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда заманбап көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1186-т "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда заманбап көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1186-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038918>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19653/edition/45287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038918.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1186-т "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда заманбап көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча" тескемеси (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038918

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 31-декабры № 1186-т

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда заманбап көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “РВБ” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда заманбап көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
