# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январы № 5 "Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январы № 5 "Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038896>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230038896/edition/45262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038896.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-январы № 5 "Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038896

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 14-январы № 5 Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик трансформациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

| 8 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 451 | 141 |
| --- | --- | --- | --- |
|  | анын ичинде: |  |  |
|  | борбордук аппараты | 102 | 15 |
|  | ведомстволук бөлүмдөрү: |  |  |
|  | анын ичинде: |  |  |
|  | Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти | 99 | 36 |
|  | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору | 62 | 8 |
|  | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 188 | 82 |
|  | анын ичинде: |  |  |
|  | борбордук аппараты | 58 | 13 |
|  | аймактык бөлүмдөрү | 130 | 69 |

".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Түндүк" ачык акционердик коому менен өз ара аракеттенүүдө медициналык статистикалык отчеттуулукту санариптештирүү жана маалыматтык системаларды киргизүү менен байланышкан милдеттерди аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-январындагы № 2 (3762) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
