# Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 105 "Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 105 "Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50058/edition/45260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 105 "Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө" токтому (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038892

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышы 2025-жылдын 29-декабры № 105 Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн тактоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы УП №1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктын түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын 2025-жылдын 12 айына карата бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн такталгандыгы тууралуу маалыматын угуп, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. 11312100 – Юридикалык жактардын транспорт каражаттарына салыктын планы 11,0 миң сомго кыскартылсын;

2. 11312200 – Физикалык жактардын транспорт каражаттарына салыктын планы 5 125,0 миң сомго кыскартылсын;

3. 11321200 – Айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участогу салык планы 4 411,9 миң сомго кыскартылсын;

4. 11111100 – Салык агенттери тарабынан төлөнгөн киреше салыгы 75,1 миң сомго көбөйтүлсүн;

5. 14224200 – Калктуу пункттардан таштанды чыгаруу үчүн алынган жыйымы 19,0 миң сомго көбөйтүлсүу;

6. 14511400 – Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кароо чыгымдары киреше бөлүгүнө 1,5 миң сом өлчөмүндө киргизилсин;

7. Чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:

Бөлүм

Статья

Элемент

Сумма (млн сом)

70111

2212

22122900

95,6

8. Баштапкы долбоор Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын;

9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;

10. Токтомду аткарууга жоопкерчилик Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Д.С. Райымкуловко жүктөлсүн;

11. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Булазова Г.Т.
