# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 857 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 857 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 857
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50055/edition/45256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 857 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038887

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 31-декабры № 857 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "

4

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана анын аппараты

120

22

".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун 12 бирдигине чейин уруксат берилет.".

3. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) институту үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык бирдиктердин чегинде Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун өткөрүп берилүүчү штаттык бирдиктерин жана финансылык каражаттарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору үчүн каралган материалдык-техникалык базаны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда, ошондой эле кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
