# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 31-т (Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 31-т (Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 31-т
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19652/edition/45252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 31-т (Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу) тескемеси (22.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038883

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 22-январы № 31-т

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 18-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 74 «Ак-Чий участогунда жайгашкан жалпы аянты 31,0 га болгон жер тилкесин Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 31,0 га болгон, Балыкчы шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө Ак-Чий участогунда жайгашкан, идентификациялык коду 2-07-07-0010-1321 болгон жер тилкесин Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) жогоруда аталган жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;

3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин жеке менчикке, анын ичинде сатуу, тартуулоо, алмашуу же муниципалдык менчиктин жоголушуна алып келүүчү башка тескөө жолу менен ээликтен ажыратууга жол бербөө;

4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

5) ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрүү.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
