# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 860 "Дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө укуктуу саламаттык сактоо уюмдарынын реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 860 "Дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө укуктуу саламаттык сактоо уюмдарынын реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 860
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038876>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-50050/edition/45246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038876.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 860 "Дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө укуктуу саламаттык сактоо уюмдарынын реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038876

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 31-декабры № 860

Дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө укуктуу саламаттык сактоо уюмдарынын реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү укугуна саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө укуктуу саламаттык сактоо уюмдарынын реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Опубликован в официальной государственной газете «Эркин-Тоо» от 13 января 2026 года № 1 (3761)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
