# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 16-январы № 2 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 16-январы № 2 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5696/edition/45169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 16-январы № 2 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Мыйзамы (16.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038825

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 16-январы № 2

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-1)

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 137691504,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 137303365,2 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин профицити 388139,5 миң сом суммасында белгиленсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-2)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2027-2028-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-3)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-4)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-5)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2026-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 46670347,3 миң сом суммасында белгиленсин.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-6)

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2026-жылга каржылоо 6503418,2 миң сом суммасында белгиленсин.

2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2026-жылга каржылоо 1009099,2 миң сом суммасында белгиленсин.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-7)

Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2026-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

### [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038825/st-8)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 25-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
