# Кербен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 19-августундагы № 8/1«Кербен шаарынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусундагы мамлекттик фондусунун жерлеринин ижара акысын эсептөөдө тийштүү коэффициенттерди бекитип берүү жѳнүндѳ» токтому

- Толук аталышы: Кербен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 19-августундагы № 8/1«Кербен шаарынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусундагы мамлекттик фондусунун жерлеринин ижара акысын эсептөөдө тийштүү коэффициенттерди бекитип берүү жѳнүндѳ» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/1
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49954/edition/45074/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кербен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 19-августундагы № 8/1«Кербен шаарынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусундагы мамлекттик фондусунун жерлеринин ижара акысын эсептөөдө тийштүү коэффициенттерди бекитип берүү жѳнүндѳ» токтому (19.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038713

---

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги секизинчи сессиясы

2025-жылдын 19-августундагы №8/1

«Кербен шаарынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусундагы мамлекттик фондусунун жерлеринин ижара акысын эсептөөдө тийштүү коэффициенттерди бекитип берүү жѳнүндѳ»

“Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна негиз Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 12-июндагы № 01-20/1506 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин суу ресурстары,муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 1-августундагы № 5 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги секизинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кербен шаарынын аймагындагы иштеп жаткан фермердик асыл тукум чарбасына жана айыл чарба кооперативдерине жерлердин ижара акысы Кыргыз Республикасынын суу ресустары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай Министирлигинин 2025-жылдын 25- февралындагы № 04-13/59 буйругу менен

бекитилген тартибтин №10 пунктуна ылайк суулу жер 1гектар аянты К-20 коэффициент ал эми кайракы жер, чөп чабынды, кысыр аңыз жана көп жылдык бак 1гектар аянты К-30 коффициентине ылайык белгиленсин.

2. Кербен шаарынын мэриясына, ижарага берилген жердин салыктын төлөмдөрү белгиленген коэффициентке, тиешелүү мыйзамдарга ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин сууресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн.

Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы:

А.Базарбаев
