# Бишкек шаары, Ленин району, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан аянты 176 кв. м жер участогун (идентификациялык коду: 1-01-12-0014-1018) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин долбоору

- Толук аталышы: Бишкек шаары, Ленин району, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан аянты 176 кв. м жер участогун (идентификациялык коду: 1-01-12-0014-1018) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин долбоору
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 26-р
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19642/edition/45061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаары, Ленин району, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан аянты 176 кв. м жер участогун (идентификациялык коду: 1-01-12-0014-1018) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин долбоору (21.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038701

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 21-январы № 26-т

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

Бишкек шаары, Ленин району, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 176 кв. м, идентификациялык коду 1-01-12-0014-1018 болгон жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда менчик укугун кайра каттоону жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;

3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

4) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;

5) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти андан ары ээликтен ажыратпоо;

6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А.Касымалиев
