# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-январындагы № 70-VIII “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-январындагы № 70-VIII “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70-VIII
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16653/edition/45037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-январындагы № 70-VIII “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу" токтому (15.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038671

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 15-январы № 70-VIII

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргелешип жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберсин.

Төраганын биринчи орун басары

Ч.И. Ажибаев
