# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/5 "Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/5 "Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/5
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038656>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49906/edition/45012/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 4/5 "Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтому (02.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038656

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2025-жылдын 2-апрели № 4/5

«Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө» “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобосун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №4 чечиминин негизинде

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук районунун З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын Белек айылындагы Ашымкан көчөсү №34 дарегинде жайгашкан мектепке чейинки билим мекемесине (бала бакчага) “Аксаамай” аты ыйгарылсын.

2. Мектепке чейинки билим мекемесине ат ыйгарууга байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.

3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге тапшырылсын.

Төрага

Э.Б. Ибраимов
