# «Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрдү төлөтүү жѳнүндѳ» токтому

- Толук аталышы: «Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрдү төлөтүү жѳнүндѳ» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/4
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49894/edition/44993/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: «Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрдү төлөтүү жѳнүндѳ» токтому (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038640

---

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын

2025-жылдын 17-апрелиндеги №6/4

«Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрдү төлөтүү жѳнүндѳ»

Аймактык территориялык реформанын негизинде Кербен шаары, Кашка-Суу айыл өкмөтү жана Жерге-Тал айыл өкмөтү бириккендиктен, 2005-жылдан баштап мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жарандарга абоненттик төлөмдөрду төлөтүү максатында карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кербен шаарынын Кашка-Суу айыл аймагындагы мыйзамсыз суу трассасына кошулуп алган жана абонентик төлөмдөрдү төлөбөй жаткан жарандар 2023-жылдын

1-январынан баштап абоненттик төлөмдөрүн төлөѳсү абоненттерге милдеттендирилсин.

2. Кербен шарынын “Кербен суу канал” муниципиалдык ишканасы менен келишим

түзүп мыйзамдаштыруу жагы абоненттерге милдеттендирилсин. Ал эми суу эсептекичтерин орнотуп берүү жагы “Кербен суу канал” муниципиалдык ишканасына жүктөлсун.

3. Бул токтомду аткарбаган абоненттерге 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык айып пул чегерүү жагы Кербен шаарынын мэриясына жана “Кербен суу канал” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.

4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүн кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновго жүктөлсүн.

Кербен шаардык кеңешинин төраганын орун басары:

Г.Койчубекова
