Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
« Кербен шаарынын аймагындагы элдин менчигинде турган жылкы, уйларды жана майда жандыктарды орто жайыттарга жана жайлоого ѳз убагында айдап чыгаруу жѳнүндѳ » токтому
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын
2025-жылдын 17-апрелиндеги №6/3
« Кербен шаарынын аймагындагы элдин менчигинде турган жылкы, уйларды жана майда жандыктарды орто жайыттарга жана жайлоого ѳз убагында айдап чыгаруу жѳнүндѳ »
Аймактык территориялык реформанын негизинде Кербен шаары, Кашка-Суу айыл өкмөтү жана Жерге-Тал айыл өкмөтү бириккендиктен 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 10/3 жайыттар боюнча токтому кабыл алынган, токтомду кайрадан жаңылап коюу максатында карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кербен шаарынын аймагындагы жайыт пайдалануучулардын орто жайытка
көчүү убагы: Жылдын 15-апрелинен кечиктирилбей көчүп кетүү жана жайлоодон көчүп келүү 1-октябрына белгиленсин .
2.15-апрелине чейин көчпөгөн, жайлоодон 1-октябрдан эрте келген, эгин талааларына түшкөн бардык малдардын ээлерине 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык айып пул чегерүү жагы Кербен шаарынын мэриясына жана ЖПБга жүктөлсүн (тиркеме).
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүн кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеңешинин3 төраганын орун басары:
Г.Койчубекова
Кербен шаардык Кеӊешинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №6/3 токтому менен бекитилген
Тиркеме
2025-жылга Кербен шаарынын жайыттарын пайдалангандыгы үчүн тѳлѳнүүчү жайыт акынын ѳлчѳмү
1. Кербен шаарынын ЖПБнин жакынкы жана алыскы жайыттарга чыкан чабан, фермерлер үчүн жайыт тѳлѳмдѳрүнүн ѳлчѳмү
№
Малдын аталышы
Бир баш малга жайыт акы (1жылга сом)
Эскертүү
1
Кара малга
80
III, IV,V жана X, XI айлар үчүн
2
Жылкыларга
80
III, IV,V жана X, XI айлар үчүн
3
Кой-эчкилерге
15
III, IV,V жана X, XI айлар үчүн
2. Башка райондор, айылдык аймактар үчүн жана жайлоого кетпеген, айылда калган малдар учун жайыт ѳлчѳмү
№
Малдын аталышы
жайлоого кѳчпѳгѳндѳргѳ жайыт акы сом менен
Жайлоого кѳчпѳй чѳп чабынды жана эгиндерге түшкѳн малдар үчүн
Эскертүү
1
Кара малга
100
3000
Малдын түрүнѳ карабай 1 башка
2
Жылкыларга
100
3000
Малдын түрүнѳ карабай 1 башка
3
Кой-эчкилерге
30
300
Малдын түрүнѳ карабай 1 башка
Кербен шаардык кеӊешини жооптуу катчысы:
Ж.Омуралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128