# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябры № 761 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябры № 761 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 761
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49866/edition/44960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябры № 761 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038608

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-ноябры № 761 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:

- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

"91) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 111-пунктча менен толукталсын:

"111) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

"10) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунунредакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө жободо:

- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Башкы директор коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Башкы директор коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы № 252 "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 181-пунктча менен толукталсын:

"181) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 95 (3752) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
