# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "2025-жылдын 29-декабры № 1156-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 27-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "2025-жылдын 29-декабры № 1156-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 27-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1156-т
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038588>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19640/edition/44939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038588.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "2025-жылдын 29-декабры № 1156-т Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 27-т тескемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" тескемеси (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038588

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 29-декабры № 1156-т

Эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 187 “Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 27-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы аталган Конвенцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу борбордук орган болуп аныкталсын.”.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
