Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы (Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 3 токтомуна)
Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы
1- глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставы (мындан ары – Типтүү устав) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары – билим берүү уюму) ишин жөнгө салат.
2. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат жана уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилет. Билим берүү уюмунун уставы ушул Типтүү уставга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
3. Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары сакталган шартта ушул Типтүү уставдын жоболорун өзүнүн уставын иштеп чыгууда жана бекитүүдө методикалык негиз катары пайдаланууга укуктуу.
4. Билим берүү уюму өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын, уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимдерин, ушул Типтүү уставды жетекчиликке алат.
5. Билим берүү уюму кесиптик орто жана кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат, ошондой эле өндүрүштүк ишти жүргүзөт.
6. Билим берүү уюмунун аталышы:
– билим берүү уюмунун мамлекеттик тилде толук аталышы:
, кыскартылган аталышы ;
– билим берүү уюмунун расмий тилде толук аталышы:
, кыскартылган аталышы .
7. Билим берүү уюмунун юридикалык дареги:
.
8. Билим берүү уюмунун уюштуруучусу (уюштуруучулары)
.
9. Юридикалык жак статусу менен билим берүү уюму төмөнкүлөргө ээ:
– өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын банктык жана башка кредиттик мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы өзүнүн алыш-бериш эсептерине;
– аталышы менен мөөргө;
– анын тарыхын чагылдырган өзүнүн атрибуттарына жана символикасына укуктуу, өзүнүн логотиптерин колдонот.
10. Билим берүү уюму оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик менчиктин базасында өзүнүн функцияларын ишке ашырат.
11. Билим берүү уюму юридикалык жактар укугунда иштеген анын бардык бөлүмдөрүн кошкондо бирдиктүү окуу-өндүрүштүк комплекс катары иштейт.
2- глава. Иштин предмети жана максаттары
12. Билим берүү уюмунун ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) кесиптик орто билим алуу аркылуу инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
2) региондук экономиканын суроо-талаптарына жана керектөөлөрүнө ылайык калыптанган жарандык сапаттары менен, туруктуу кесиптик өсүүгө, социалдык жана кесиптик мобилдүүлүккө даяр, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, кесиптик иштин түрлөрүн өз алдынча аткарууга квалификациялуу адистерди даярдоо;
3) кызматкерлерди даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жана жумушчу кадрларды даярдоо;
4) ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоо.
13. Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн билим берүү уюму билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте иштин төмөнкүдөй негизги түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) жалпы орто билим берүүнүн, кесиптик орто билим берүүнүн, кошумча кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруу;
2) юридикалык жана (же) жеке жактар менен келишимдер боюнча тиешелүү билим берүү программаларында жана мамлекеттик
билим берүү стандарттарында каралбаган акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
3) илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүзөгө ашыруу.
3- глава. Билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
14. Билим берүү уюму төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) билим берүү, административдик, финансы-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген чектерде башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга;
2) билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоодон өткөрүүнүн баалоо системасын, формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн, ошондой эле аралыктан, онлайн- технологияларды жана гибриддик окутууну кошо алганда, методдорду, каражаттарды жана билим берүү технологияларын өз алдынча тандоого;
3) билим берүү уюмундагы теориялык даярдыкты билим алуучулардын жумуш ордунда практикалык окутуу менен айкалыштырууну камсыз кылуу менен дуалдык окутууну колдонууга;
4) билим берүү программаларын ишке ашырууда окутуунун тилин же тилдерин аныктоого;
5) билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон түзүмдүк бөлүмдөрдү, анын ичинде окуу кабинеттерин, лабораторияларды, окуу-өндүрүштүк устаканаларды, окуу- өндүрүштүк комплекстерди, технопарктарды, бизнес-инкубаторлорду жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө;
6) эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде билим берүү, илим жана башка иш чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга;
7) уставда каралган ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө.
15. Билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү программаларын ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) билим алуучуларды окутуунун, тарбиялоонун жана ден-соолугун коргоонун коопсуз шарттары менен камсыз кылууга;
3) саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салууну, ошондой эле билим алуучулардын жана кызматкерлердин арасында саясий жана диний үгүт жана агитация жүргүзүүгө тыюу салууну сактоого;
4) бир эле адистик боюнча даярдоону жүзөгө ашыруучу кайталанган түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө жол бербөөгө;
5) бекитилген окуу пландарына, расписаниеге, сабактардын белгиленген түрлөрүнө жана билим алуучулардын жүктөмүнө коюлган талаптарга ылайык билим берүү процессин уюштурууга;
6) белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;
7) билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана академиялык маалымкаттарды белгиленген талаптарга ылайык берүүнү жүзөгө ашырууга;
8) документтерди, анын ичинде билим алуучулардын өздүк делолорун, билими жөнүндө документтерди жана аттестациянын материалдарын жүргүзүүнү, сактоону жана коргоону камсыз кылууга;
9) педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсү жана беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө;
10) билим алуучулардын жана кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыз кылууга, кайрылууларды кароого жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга.
4- глава. Билим берүү уюмунун түзүмү
16. Юридикалык жак статусуна ээ болгон бөлүмдөр өздөрүнүн уставдарынын жана жоболорунун негизинде иштейт, өз алдынча баланста болот жана өз ишин Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана Типтүү уставдын талаптарына ылайык тактыкта жүзөгө ашырат.
17. Билим берүү уюмунун карамагында төмөнкүлөр турат:
1) филиалдар, бөлүмдөр, даярдоо курстары, окуу кабинеттери жана лабораториялары, окуу жана окуу-өндүрүштүк устаканалар жана чарбалар, окуу полигондору, кошумча кесиптик билим берүүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү, жатаканалар жана башка окуу жана чарбалык түзүмдүк бөлүмдөр;
2) лабораториялар, борборлор, бөлүмдөр, окуу-өндүрүштүк комплекстер, алдынкы тажрыйба борборлору ж. б.
18. Билим берүү уюму юридикалык жак статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү же өзүнчө мүлккө ээ кылуу менен филиалдарды, ошондой эле кесиптик ассоциацияларды, окуу-методикалык бирикмелерди, окуу-өндүрүштүк жана инновациялык бөлүмдөрдү түзө алат.
5- глава. Билим берүү уюмун башкаруу
19. Билим берүү уюмун башкаруу демократия, борбордон ажыратуу, автономия жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат.
20. Билим берүү уюмунда шайлануучу өкүлчүлүктүү орган – билим берүү уюмунун кеңеши (мындан ары – кеңеш) түзүлөт. Билим берүү уюмунда башка өзүн-өзү башкаруу органдары да түзүлүшү мүмкүн: педагогикалык жана методикалык кеңештер, камкорчулук кеңеши жана башкалар. Башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
21. Билим берүү уюмунун жогорку органы болуп уюштуруучу (уюштуруучулар) эсептелет.
22. Уюштуруучулардын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү уюмунун уставын бекитүү;
2) билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
3) билим берүү уюмунун уставында белгиленген башка ыйгарым укуктар.
23. Билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат. Директорду кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
24. Билим берүү уюмунун директору:
– билим берүү уюмунун ишине, тактап айтканда: билим берүү, маркетинг, чыгармачылык, чарбалык, финансылык жана башка иштерге учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
– ишеним катсыз билим берүү уюмунун атынан аракеттенет, бардык органдарда жана уюмдарда анын кызыкчылыктарын коргойт;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде жана билим берүү уюмунун уставында аныкталган тартипте билим берүү уюмунун мүлкүн тескейт, келишимдерди түзөт, билим берүү уюмунун атынан иш-аракеттерди аткарууга ишеним кат берет, каражаттарды тескөө укугунан пайдаланат;
– билим берүү уюмунун кызматкерлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
– кызматкерлерди сыйлоо чараларын көрөт жана аларга тартип жазаларын колдонот;
– буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
– билим берүү уюмунун бардык бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
– педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу планын бекитет;
– билим берүү уюмунун локалдуу ченемдик актыларын, билим берүү уюмунун түзүмүн, штаттык расписаниесин, окуу үчүн акы төлөөнү, билим берүү уюмунун чыгымдарынын сметасын бекитет;
– билим берүү уюмунда кесиптик даярдыкты аяктоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик экзамендик комиссиялардын жыйынтыгын бекитет;
– кеңештин ишин жетектейт;
– тиешелүү отчетторду кабыл алат жана угат, окуу пландарынын жана башка пландардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
– жыл сайын уюштуруучунун (уюштуруучулардын) алдында билим берүү уюмунун ишинин бардык түрлөрү боюнча отчет берет.
25. Кеңеш билим берүү уюмун башкаруунун коллегиалдык органы болуп саналат.
26. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– билим берүү уюмунун стратегиялык документтерин иштеп чыгуу;
– билим берүү уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо;
– билим берүү уюмунун түзүмүн макулдашуу жана аны билим берүү уюмунун директорунун бекитүүсүнө берүү;
– билим берүү уюмунун жылдык жана перспективдүү өнүгүү пландарын бекитүү;
– билим берүү уюмунун директорунун орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин окуу, методикалык жана чарбалык иш боюнча отчетторун угуу жана аларды андан ары өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;
– окуу-тарбия процессин уюштуруу жана оптималдаштыруу, окутуунун натыйжалуу технологияларын ишке киргизүү маселелерин кароо;
– билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерин жана кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү иштерин кароо;
– билим берүү уюмуна кабыл алуу эрежелерин, ички тартип эрежелерин, окуу пландарын жана окуу дисциплиналарынын программаларын, окуу процессинин графиктерин, тандоо боюнча дисциплиналарды жана башка локалдык ченемдик актыларды кароо жана бекитүү;
– тартип бузган, кызматтык милдеттерин сапатсыз же толук эмес аткарган учурларды кароо, талкуулоо жана кызматкерлерге карата тиешелүү чараларды көрүү;
– кызматкерлерди сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу (эскертүүлөр, сөгүштөр), кезексиз аттестация өткөрүү, кызматтан бошотуу маселелери жөнүндө сунуштарды берүү.
27. Кеңеш менен директордун ортосундагы ыйгарым укуктардын чектери билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
6- глава. Абитуриенттерди кабыл алуу, студенттерди которуу, калыбына келтирүү, окуудан чыгаруу жана
академиялык өргүү берүү тартиби
28. Билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы
№ 470 токтому бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун тартибине ылайык ишке ашырылат.
29. Бюджеттик каражаттардын эсебинен окуган же кесиптик орто билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо көрсөтүлгөн учурларда мамлекеттик билим берүү грантынын (бюджеттик орун) өлчөмүндө билим берүү уюмуна адисти даярдоого кеткен чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
30. Билим алуучуларды которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
31. Билим алуучулардын учурдагы контролунун, аттестациядан өтүүсүнүн жана академиялык карыздарын жоюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө типтүү жобого ылайык аныкталат.
7- глава. Билим алуучулардын укуктары жана милдеттери
32. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн белгиленген тартипте директордун буйругу менен кабыл алынган адам билим берүү уюмунун билим алуучусу болуп саналат. Билим алуучуларга кагаз жана/же электрондук форматта белгиленген үлгүдөгү студенттик билет жана зачеттук китепче берилет.
33. Билим алуучулар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим алууга;
2) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө;
3) ден соолукка, адеп-ахлактык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, үгүттөн жана агитациядан коргонууга;
4) медициналык кароодон өтүүгө жана баштапкы медициналык жардамды уюштурууга;
5) эксплуатациялоонун жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин ар кандай түрлөрүнөн, ошондой эле дене бойго жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркты басмырлоодон коргонууга;
6) адамдык кадыр-баркын урматтоого, өз көз караштарын жана ишенимдерин эркин билдирүүгө;
7) мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим алууга;
8) кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде алууга;
9) билим берүү уюмдарында маалыматтык ресурстарды акысыз пайдаланууга;
10) Кыргыз Республикасынын аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жаатындагы мыйзамдарына ылайык аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтырууга (күндүзгү формада окугандар үчүн);
11) бюджеттик каражаттардын эсебинен окууда белгиленген тартипте жана өлчөмдө стипендия алууга;
12) билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте окуу акысы менен келишим боюнча окууда билим берүү уюмунун атайын каражаттарынын жана уюштуруучуларынын каражаттарынын чегинде социалдык колдоо чараларын алууга;
13) окутуунун ар кандай этабында билим берүү уюмун жана окутуу формасын тандоого, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алууга, ошондой эле акы төлөөнүн негизинде жеке билим берүү кызматтарын алууга;
14) билим берүү уюмунун тиешелүү турак жай фонду болгондо жатаканадан орун алууга.
34. Билим алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
2) окуу сабактарына катышуу жана аттестациянын бардык түрлөрүнөн өтүү боюнча талаптарды аткарууга;
3) ички тартип эрежелерин жана жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого;
4) улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоого;
5) билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга.
35. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшырууга билим берүү уюму тарабынан кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык иштелип чыккан кесиптик орто билим берүүнүн адистиктери же даярдоо багыттары боюнча билим берүү программасын толук көлөмдө өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө жол берилет.
36. Негизги программа боюнча окууну аяктаган, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактаган жана тиешелүү мамлекеттик экзамендерди тапшырган билим алуучуларга Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен даярдоонун тиешелүү адистиктери боюнча квалификация ыйгарылат жана аяктагандыгы жөнүндө мамлекеттик же өздүк үлгүдөгү диплом берилет.
8- глава. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери
37. Билим берүү уюмун педагогикалык кызматкерлер, окуу- көмөкчү жана административдик-чарбалык персонал менен комплекттөө контракттык негизде пенсия курагына жете элек, тиешелүү билими жана иш тажрыйбасы бар адамдардын ичинен жүзөгө ашырылат.
38. Педагогикалык кызматкерлер тийиштүү предметтик- методикалык комиссияларга биригишет, алар билим берүү уюмунун бөлүмдөрүнүн кеңешинин жана педагогикалык кеңешинин курамына биригет.
39. Билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлерине директордун буйругу менен кафедраны жетектөө, кабинетти, лабораторияны башкаруу жана топтун кураторлук милдеттери жүктөлүшү мүмкүн.
40. Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында тизмеси аныкталган соттуулугу же медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга педагогикалык ишке жол берилбейт.
41. Педагогикалык кызматкердин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
10-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө жобо менен белгиленген.
42. Административдик-чарбалык, инженердик-техникалык, өндүрүштүк, окуу-көмөкчү жана башка персоналдын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, билим берүү уюмунун ички тартип эрежелери жана кызматтык нускамалары менен аныкталат.
43. Билим берүү уюмунун администрациясы өзүнүн кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
44. Билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери менен эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган учурларда токтотулушу мүмкүн.
45. Административдик-башкаруу курамы кызмат орундарын айкалыштыруу шартында педагогикалык иш менен да алектене алат. Бул иштерди аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекке акы төлөө шарттары менен аныкталат.
9- глава. Билим берүү процессин уюштуруу
46. Билим берүү кызматтарын көрсөтүү билим алуучунун жеке муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алган билим берүүнүн ар кандай формаларында жүзөгө ашырылат.
47. Билим берүү программалары күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу, экстернат формаларында, ошондой эле үй- бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу, анын ичинде үйдө окутуу формаларында өздөштүрүлөт.
48. Күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында алууга жол берилбеген адистиктердин жана кесиптердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген.
49. Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтому менен бекитилген Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
50. Билим берүү уюму ар бир билим алуучуга мамлекеттик, расмий жана бир чет тилин үйрөтүү үчүн шарт түзөт.
51. Билим берүүнүн бардык формалары боюнча сабактардын негизги түрлөрү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткарууну камсыз кылуучу окуу пландары жана программалары менен аныкталат. Билим берүү уюмунда сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары акы төлөнүүчү негизде билим алуучунун кызыкчылыктарын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган кошумча сабактар, факультативдик жана сабактардын башка түрлөрү киргизилиши мүмкүн.
10- глава. Билим берүүнү өнүктүрүүнү каржылоо
52. Билим берүү уюмун каржылоо булактары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
53. Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобого ылайык билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.
54. Билим берүү уюму жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен (ыктыярдуу негизде) билим алуучулар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде тиешелүү билим берүү программаларынан жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынан тышкары билим берүүнүн кошумча акы төлөнүүчү кызматтарын көрсөтө алат.
55. Билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши ыктыярдуу чегерүүлөрдөн, кайрымдуулуктардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдөн финансылык жана башка акча каражаттарын ыктыярдуу негизде тарта алат. Камкорчулук кеңеши тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган акча каражаттары казыналыктын атайын эсебине чегерилет жана камкорчулук кеңешинин чечимине ылайык максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
56. Билим берүү уюмунун билим алуучуларынын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле кирешелер жана чыгашалар боюнча отчеттор жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш.
11- глава. Билим берүү уюмунун инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы
57. Билим берүү уюмунун инфраструктурасы жана материалдык- техникалык базасы имараттарды, курулмаларды, курулуштарды, коммуникацияларды, жабдууларды, транспорт каражаттарын, ошондой эле билим берүү ишинде жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүүдө пайдаланылуучу башка материалдык жана техникалык активдерди камтыйт.
58. Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү ага бекитилген бюджеттик жана атайын каражаттардын чектеринде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүнүн макулдугу менен жана негизделген финансылык эсептөөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат. Жабдууларды сатып алууга, капиталдык оңдоого кеткен чыгымдардын өлчөмү билим берүү уюмунун белгиленген тартипте бекитилген кирешелер жана чыгымдар сметаларынын чектеринде болгон муктаждыкка жана финансылык каражаттардын болушуна жараша билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
59. Билим берүү уюмунун билим берүү, окуу-өндүрүштүк жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылуучу материалдык-техникалык базасы акысыз ээлик кылууга, пайдаланууга жана ээликтен ажыратууга берилбейт.
60. Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын ижарага берүүдөн алынган киреше билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
12- глава. Эл аралык кызматташтык
61. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык билим берүү, илимий жана башка иштер жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
62. Билим берүү уюмдарынын эл аралык кызматташтыгы билим берүүнү башкаруучу мамлекеттик орган менен чет мамлекеттердин билим берүүнү башкаруучу тиешелүү органдарынын ортосундагы келишимдердин, ошондой эле билим берүү уюмдарынын чет өлкөлүк билим берүү мекемелери, чет өлкөлүк жеке жана (же) юридикалык жактар менен түзгөн келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
13- глава. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу тартиби
63. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
64. Билим берүү уюмун кайра уюштурууда, анын түзүмү өзгөргөндө, ошондой эле статусу өзгөргөндө анын уставына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү кеңеш тарабынан каралат жана чечим уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан кабыл алынат.
65. Билим берүү уюмун кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында ишке ашырылат. Мындай учурда уюштуруучу билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча башка билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (13)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону…Постановление · 18.05.2009 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-январындагы № 3 "Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун типтүү уставын…Постановление · 13.01.2026 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 30.06.2022 · № 355
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген )"Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана…Положение · 18.05.2009 · № 300
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 "Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү…Постановление · 17.02.2025 · № 76
- Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Порядок · 17.02.2025 · № 76
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2012 · № 470 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуунун" Тартиби (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген)Порядок · 04.07.2012 · № 470 · Күчүн жоготкон