Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин «Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн “Достук” аллеясынан баштап Асаналиев көчөсүнө чейинки асфальт жолдорун капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XIX сессиясы (VIII чакырылыш) ТОКТОМ 2025-жылдын 22 - декабры №19/75
Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн “Достук” аллеясынан баштап Асаналиев көчөсүнө чейинки асфальт жолдорун капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 3-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтому менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен “Долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобону жана “Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” Жобонун талабына ылайык, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-15-16-декабрындагы №26 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 01-14/4817 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн “Достук” аллеясынан баштап Асаналиев көчөсүнө чейинки асфальт жолдорун капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын кошуу максатындаКызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык финансы башкармалыгынын башчысы К.Сраждиновго Кызыл-Кыя шаарынын 2026-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин 704 “Экономикалык бөлүкчөсүнүн” 3111 “Актив” беренесине Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүнүн “Достук” аллеясынан баштап Асаналиев көчөсүнө чейинки асфальт жолдорун капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүүгө Дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттин үлүшү катары 9 325 736 (тогуз миллион үч жүз жыйырма беш миң жети жүз отуз алты) сом акча каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы аркылуу бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын башкы бухгалтери (Ч. Матаева) Дем берүүчү (үлүштүк) грантка бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана акча каражатын пайдалануу боюнча бухгалтердик отчетун камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Мурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.