# 1-берене

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038536/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5695/edition/44884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038536/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038536/st-1

---

“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” гезити, 2022-жылдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“16) стейблкоин (stablecoin) - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же чет өлкөлүк валютада туюндурулган акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата туруктуу наркты кармап туруу үчүн арналган камсыздалган виртуалдык активдин түрү. Стейблкоиндердин эмиссиясы (чыгаруу), камсыз кылуу, акча каражаттарына (фиаттык валютага) жана (же) базалык активдерге карата катышы, стейблкоиндерди жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;”;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-23-пункттар менен толукталсын:

“21) реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token - RWA Token) - эмиссиясы (чыгаруу) реалдуу активге карата мүлктүк укук менен камсыздалган виртуалдык актив же мындай активге байланыштуу документ түрүндө тастыкталган милдеттенменин санариптик формасын билдирет. Реалдуу активдердин тизмеги, RWA Token эмиссиясы (чыгаруу), камсыздоо, жүгүртүү жана жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет;

22) мамлекеттик майнинг - мамлекеттин толук же үлүштүк катышуусу формасында (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же мамлекеттик компаниянын атынан) же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик ишкананы түзүү аркылуу мамлекеттин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу майнинг боюнча иш. Мамлекеттик майнинг мамлекеттик криптовалюталык резервди түзүү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн виртуалдык активдерди өндүрүү максатында энергетикалык, инфратүзүмдүк жана технологиялык ресурстарды пайдаланууну караштырышы мүмкүн;

23) мамлекеттик криптовалюта резерви - майнинг, чыгаруу, токенизациялоо жана сатып алуу жолу менен түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде турган виртуалдык активдердин жыйындысы. Мамлекеттик криптовалюта резерви финансылык туруктуулукту чыңдоо, улуттук санариптик демилгелерди колдоо жана виртуалдык активдер рыногунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт. Криптовалюта резервин түзүү, сактоо, башкаруу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.”;

2) 5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада да, чет өлкө валютасында да камсыздалган виртуалдык активдердин гана эмиссиясына (чыгарууга) жол берилет.”;

3) 9-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) виртуалдык активдерди, анын ичинде стейблкоиндерди жана RWA Token улуттук же чет өлкө валютасында эмиссиясы (чыгаруу) жана баштапкы жайгаштыруу;”;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 91 жана 92-беренелер менен толукталсын:

“91-берене. Атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында убактылуу жөнгө салуу

1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу.

Атайын жөнгө салуучу режим деп виртуалдык активдер рыногунда инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген контролдонуучу чөйрөдө (аймак боюнча, убакыт боюнча, операциялардын жана пайдалануучулардын саны жана көлөмү боюнча жана башкалар боюнча) апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы түшүнүлөт. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүү жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана атайын жөнгө салуучу режимге катышкан башка юридикалык жактардын ишине коюлуучу талаптарды белгилейт.

3. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында, атайын жөнгө салуучу режимге катышуусуна жана/же атайын жөнгө салуучу режимге катышууга байланыштуу аларга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган айрым юридикалык жактарга преференцияларды берүүгө жол берилбейт.

4. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштай алат.

5. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) иштешинин жалпы саясатын жана алкактык принциптерин аныктайт, ал эми ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорлорду түздөн-түз ишке ашырууну, башкарууну жана контролдоону жүзөгө ашырат.

6. Виртуалдык активдер менен операциялар үчүн атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензияларды берүү, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуп коюу тартиби, ошондой эле жөнгө салуу шарттары Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленет.

---

Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536/st-92)
