# Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы №6-3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун аткарылышы жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы №6-3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун аткарылышы жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6-3
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49776/edition/44854/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гулистан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майындагы №6-3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун аткарылышы жөнүндө токтому (20.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038506

---

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 6-сессиясы

2025-жылдын 20-майы №6-3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 31-майында № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому чыккан. Бул токтом бекиткен жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз ээленген жерлердин мыйзамдаштыруу тартиби көрсөтүлгөн. Гулистан айыл аймагында дагы көптөгөн мыйзамсыз ээленген жер тилкелери мыйзамдаштырылды. Бирок азыркы күнгө чейин жогорудагы көрсөтүлгөн токтомду аткарылышы боюнча кемчиликтер бар. Бул кемчиликтерди тез арада жоюу максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын 31-майында № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомун натыйжалуу аткарылышы боюнча кошумча иш-чараларды уюштуруу Гулистан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Мыйзамсыз жер тилкелерин ээлеп, фундамент жана үй куруп алгандардын ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштыруу боюнча берген арыздарын иретке келтирүү, түрдүү себептер менен арыз бербеген жарандардын тактоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Кезектеги алты айлык жыйынтык боюнча өткөрүлө турган сессияга жер мунапысын аткарылышы боюнча толук маалыматты жана Гулистан айыл өкмөтүнүн пайдалануусунда болгон фонд жерлеринин иштетилиши боюнча отчетту берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

У.Мирзакулов
