# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 853
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49777/edition/44846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038499

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-декабры № 853

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бажы инфраструктурасын оптималдаштыруу жана натыйжалуу башкаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын

6-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 22-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
