# 9-берене

- Документ: [Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5694/edition/44811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038461/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-9

---

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-32-пункттар менен толукталсын: "26) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мүлк салыгына салык төлөөчүнүн 2026-жылдагы салык мезгили үчүн милдеттенмеси 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен аткарылууга тийиш. Эгерде мүлк салыгын төлөө боюнча милдеттенме 2026-жылдын 1-мартында пайда болсо, салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 383-1-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттенмеси 2026-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен аткарылууга тийиш;

27) салык төлөөчү бул товарларды сатууда пайда болгон салыктарды кошпогондо, бул товарлар боюнча салыктарды төлөөнү кошо алганда, баштапкы эсепке алуу мындай товарлар жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумуна 2026-жылдын 1-мартына чейин киргизилген шарттарда документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдеттеринен бошотулат;

28) салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча кылмыш иши козголгон чарбалык субъекттерге карата салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык текшерүүлөрүн, ошондой эле рейддик салык контролун кошпогондо, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды сатуучу субъекттерге карата 2026-жылдын 1-мартына чейин салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү салык текшерүүлөрүн, ошондой эле рейддик салык контролун жүргүзүүгө тыюу салынат;

29) жеке ишкер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактар 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автотранспорт каражаттарын сатуудан алган кирешелери боюнча салык төлөө милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле жоопкерчиликтен, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөөдөн бошотулат.

Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде соттун өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыга элек кылмыш иши болгон учурлардагы карыз, анын ичинде салык кызматынын органы эсептен чыгарган датага карата жоюлбаган кошуп эсептелген туумдар жана салык санкциялары салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;

30) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүгө ниеттенген салык төлөөчү 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоо орду боюнча 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Көрсөтүлгөн салык режими боюнча салыктарды төлөө 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт. Арыз бербеген, мурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн жана жалпы салык режими боюнча салык төлөгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүгө укугу жок;

31) жеке ишкерге менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акчаны кошпогондо, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин 2025-жылдын 5-августунан тартып түзүлгөн салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салыктык базага киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин VII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу башка иштерден алынган киреше бөлүгүндө бирдиктүү салык боюнча салыктык карыз салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш.

Ушул пунктту колдонууда салыктык карыз, анын ичинде салык кызматынын органы эсептен чыгарган датага карата кошуп эсептелген жана жоюлбаган туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш. Карыздарды өндүрүү боюнча сот актысы жана/же соттун айыптоо өкүмү жана/же субъектке карата салык чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыга эле кылмыш иши салык карызын эсептен чыгарууга тоскоол болбойт;

32) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 261-беренесинин 9 жана 10-бөлүктөрүндө белгиленген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан убактылуу ташып келүү ченемдери 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген товарларга карата колдонулат.".

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-10)
