# 476-берене. Атайын салык режимин колдонуунун чектөөлөрү

- Документ: [Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5694/edition/44811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038461/st-476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 476-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-476

---

1. 469-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм Кыргыз Республикасынын бир гана банкында эсептешүү эсебин ачууга укуктуу.

2. Атайын салык режиминин субъекттери ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакция деп таанылган операцияларды гана жүргүзүүгө укуктуу.

3. Атайын салык режимин колдонуунун алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууну, жумуштарды аткарууну же кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу;

2) чет өлкөлүк субъекттердин ортосунда акча каражаттарын кайра жиберүү менен байланышпаган операцияларды жүзөгө ашыруу.

4. Транзакцияга салыктын атайын салык режимин колдонуу шарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү мындай бузууга жол берилген айдын биринчи күнүнөн тартып көрсөтүлгөн режимди колдонуу укугун жоготууга алып келет.

5. Атайын салык режимин колдонуу укугу жоголгон учурда мындай укук жоголгон учурдан тартып келип чыккан салык милдеттенмелерин эске алуу менен субъектке жалпы салык режимине ылайык салык салынууга тийиш.".

---

Мурунку берене: [475-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-475)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-5)
