# 4-берене

- Документ: [Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5694/edition/44811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038461/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 10-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Катталган жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды кошпогондо, ушул пунктча ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу транспорт каражаттарын жана майыптыгы бар адамдар үчүн жеке мобилдүүлүк каражаттарын жеке жактардын сатуусуна 2029-жылдын 1-январына чейин жайылтылбайт;";

б) 17-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17) товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу идентификациялоо каражаттарын жана/же акциздик жыйымдын маркасын жана/же эсептик-контролдук марканы товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү же товарга же анын курамына отун же молекулярдык маркерди жана/же башка каражаттарды кошуу.";

в) 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"38) эсеп - субъекттин акча каражаттары эсепке киргизилиши жана андан сарпталышы мүмкүн болгон банктагы же электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторундагы эсептешүү жана башка эсеби;";

г) 57-пункттун биринчи абзацында "акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча" деген сөздөр "акча каражаттарын чет өлкөлүк банктардын эсебинен/эсебине кайра жөнөтүү боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"10) транзакцияга салык.";

3) 49-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.";

4) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчү салыктарды бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна ылайык гана төлөөгө милдеттүү.";

5) 53-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) транзакцияга салыкка, мында эсеп ачылган банк салык агенти болуп таанылат, ага чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттары эсепке киргизилет жана төмөнкүлөрдүн чет өлкөлүк банктарынын эсеби аркылуу башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине эсептен чыгарылат:

а) жеке ишкердин, уюмдун, мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн;

б) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун;";

в) 6-бөлүктө "3" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;

6) 64-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:

"15) утилдештирүү жыйымын чогултуу жана башкаруу үчүн пайдаланылуучу маалыматтар бөлүгүндө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилик операторуна;

16) чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү маалыматтар бөлүгүндө тышкы миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.";

7) 81-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 91-беренеде:

а) 4-бөлүктүн экинчи абзацы "2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында" деген сөздөрдөн кийин ", 13-1-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:

"14. Берилген кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө колдонулган мезгилде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилген суммага карата салык карызын мажбурлап өндүрүү чараларын аткаруу токтотулуп турат.";

9) 92-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда салык карызынын калган төлөнбөгөн суммасы кийинкиге жылдырууну жана/же бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечимде аныкталган, кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонуу мезгили үчүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө жөнүндө чечимге ылайык эсептелген пайыздардын суммасына көбөйтүлгөн карыздын суммасы менен салык карызынын жана пайыздардын иш жүзүндө төлөнгөн суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталат.";

10) 111-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 112-берененин 4 жана 5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органы салык төлөөчүнүн ишин жүргүзгөн жери, жайгашкан же жашаган жери өзгөрүп кетүүсүнө байланыштуу салыктык эсептен алуу жөнүндө арызын алгандан кийин арызды кабыл алган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тиешелүү өзгөртүүлөрдү Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизүүгө милдеттүү.

5. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык төлөөчүнү салыктык башкарууну жүзөгө ашыруу Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизген күнү аяктайт.";

12) 146-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткаруу максатында ыйгарым укуктуу салык органы банктар менен транзакцияга салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат алмашат.";

в) 3-бөлүктө "банктар тарабынан берилүүчү" деген сөздөр "берилүүчү жана/же алмашылуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 163-берененин 4-бөлүгүндө "423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 2-пунктуна" деген сөздөр "423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-пунктуна жана 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 169-беренеде:

а) 7-бөлүктө "же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бейтарап сотко" деген сөздөр алып салынсын;

б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

15) 174-берененин 28-пунктунун "б" пунктчасында "төлөөчүнү ишкердик субъекти катары так идентификациялоого мүмкүндүк берген" деген сөздөр "төлөөчүнү идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 181-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчүнү кошпогондо, ар кандай салык режимдерин колдонуу менен иш жүргүзгөн салык төлөөчү;";

17) 187-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык ай үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база орточо айлык эмгек акыга барабар кабыл алынат.";

18) 191-беренеде:

а) 6-бөлүктө:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) автомототранспорт каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин;";

- 4-пунктта "автомототранспорт каражаттарын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) майыптыгы бар адамдар үчүн жеке мобилдүүлүк каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин.";

б) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жеке жак тарабынан ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-1-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө алынган дивиденд.";

19) 197-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдардын жалданма кызматкерлери жана жеке ишкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 1 пайыз өлчөмүндө 2030-жылдын 1-январына чейин белгиленет.";

20) 200-беренеде:

а) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор 2027-жылга чейинки мезгилдин ичинде салык агенттери катары жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан ар бир жалданма кызматкерге ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акыга жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын кармап калышат жана төлөшөт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

"9. Тигүү жана текстиль өнөр жайында 2030-жылга чейинки мезгилдин ичинде салык агенти катары өндүрүштүк иш жүргүзгөн уюмдар жана жеке ишкерлер жалданма кызматкердин эмгек акысынан ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акыга жараша эсептелген киреше салыгынын суммасын кармап калышат жана төлөшөт.";

21) 207-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"207-берене. Пайда салыгын төлөөчү

1. Пайда салыгын төлөөчү (мындан ары ушул бөлүмдө - салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ата мекендик уюм;

2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм;

3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет өлкөлүк уюм;

4) жеке ишкер;

5) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алуучу, анын тапшырмасы боюнча салык төлөөчү андан же башка чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттарын башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине кайра жиберген чет өлкөлүк жеке жак.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект пайда салыгын төлөөчү боло албайт.";

22) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

"18) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуудан түшкөн киреше - 2029-жылдын 1-январына чейин.";

23) 245-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

24) 249-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 6-пунктунун биринчи абзацында "ушул бөлүктө" деген сөздөр "ушул пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-1-бөлүгүнө ылайык салык салынуучу дивиденддерине төлөм булагынан салык салынбайт.";

25) 261-беренеде:

а) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Эсеп-фактура салык салынуучу берүүнүн датасына чейин жазылган же төлөм алынган учурда салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";

26) 296-берене төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

"14) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттарын берүү - 2029-жылдын 1-январына чейин.";

27) 297-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- 15-пункттун экинчи абзацында "2026-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр "2029-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:

"30) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган субъекттер тарабынан импорттолуучу зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдуу жана технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар.";

б) 2-бөлүктө "1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26-пункттарында" деген сөздөр "1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26, 30-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

28) 315-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

29) 364-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

"15) бажы кампасынын аймагында.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:

"4) Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга тиешелүү комплекттөөчүлөрүн;

5) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин.";

30) 366-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"366-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдук-кассалык чектин басылган датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";

31) 381-беренеде:

a) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, мүлк салыгын эсептөө салык органдары тарабынан ушул бөлүмдө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

2. Төмөнкүлөргө карата мүлк салыгынын суммасын эсептөө милдети салык органына жүктөлөт:

1) төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча мүлктүн турак жай объекттерине:

- турак жай имараты, жай;

- ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участогу;

2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык (пайдалануусунда турган) турак жай эмес объекттерин пайдаланууга (ижарага) берилген мүлктөрдү кошпогондо, төмөнкүлөрдүн жайгашкан жери боюнча турак жай эмес мүлк объекттерине:

- турак жай эмес имарат, жай жана курулма, анын ичинде базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма;

- калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер;

3) айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участокторуна - алардын жайгашкан жери боюнча.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Эгерде салык төлөөчү ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө салык органынын билдирүүсүн албаса, салык төлөөчү мүлк салыгынын суммасын өз алдынча эсептөөгө жана төлөөгө милдеттүү.";

32) төмөнкүдөй мазмундагы 383-1-берене менен толукталсын:

"383-1-берене. Отчет берүү

1. Мүлк салыгын төлөөчү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган же салык салуудан бошотулган субъектке таандык (пайдалануусунда турган), пайдаланууга (ижарага) берилген турак жай эмес мүлк объектине карата учурдагы салык мезгили үчүн маалыматтык эсепти учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде ушул беренеде белгиленген турак жай эмес мүлк объектине салык төлөө боюнча милдеттенме учурдагы салык мезгилинин 1-мартынан тартып аягына чейинки мезгилде келип чыкса, салыктын суммасын эсептөө жөнүндө маалыматтык эсеп учурдагы салык мезгилинин тиешелүү кварталынын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

3. Маалыматтык эсептин формасы жана аны толтуруу жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

4. Министрлер Кабинети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде отчет берүүнүн башка тартибин аныктай алат.";

33) 398-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"398-берене. Турак эмес мүлк объектине салык төлөө мөөнөтү

1. Турак эмес мүлк объектине салык ар квартал сайын учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирилбестен учурдагы салык мезгилинин ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт.

2. Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын жылдык суммасын салык төлөөчү салык төлөө боюнча милдеттенме келип чыккан кварталдын үчүнчү айынын 20сынан кечиктирбестен толугу менен төлөй алат.";

34) 409-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Мекендеш статусун алган жана мекен-картка ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн бошотуулар чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт.";

35) 55-1-глава күчүн жоготту деп таанылсын;

36) 419-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн субъект, мындай иш агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо.";

37) 422-берененин 3-бөлүгүндө "VII жана VIII бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "VIII бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

38) 422-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"422-1-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы Салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы саналган күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүнү кошпогондо, салык милдеттенмесинин келип чыккан датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүүнүн датасы, контролдук-кассалык чектин басылган датасы же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата саналат.";

39) 423-беренеде:

а) 6-1-бөлүктө "1 пайыз" деген сөздөр "0,1 пайыз" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 6-1 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттерди кошпогондо, иштин бир нече түрлөрүн жүргүзгөн салык төлөөчү иштин тиешелүү түрлөрү үчүн ушул беренеде белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.";

40) 427-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул главада каралган салык режими агенттик келишимдин негизинде кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү чогултуу, майнинг, акциздик товарларды, өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишканалардан тышкары өндүрүү жана ишке ашыруу ишин жүзөгө ашыруучу субъекттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу эркин экономикалык зоналардын (мындан ары - ЭЭЗ) субъекттеринин ишине карата гана колдонулат:";

41) 430-берененин 5-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууну кошпогондо, келип чыгышы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык каралган Товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык белгиленген товарларды кийин ташып чыгуу менен ЭЭЗ аймагына импорттоодо ушул Кодекстин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөнөт. Товарларды ушул бөлүккө ылайык кийин ташып чыгуу максатында ЭЭЗ аймагына импорттоону жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекти ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонууга милдеттүү.";

42) төмөнкүдөй мазмундагы 65-глава менен толукталсын:

"65-глава. Транзакцияга салык

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-3)  
Кийинки берене: [468-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-468)
