# 3-берене

- Документ: [Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5694/edition/44811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038461/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү "284-2" деген цифралардан кийин ", 311" деген цифралар менен толукталсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 295-1-берене менен толукталсын:

"295-1-берене. Баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү субъекттердин атайын эсепке коюлбастан экономикалык иш жүргүзүүсү Баалуу металлдардан, асыл таштардан жана алардын сыныктарынан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү субъекттердин атайын эсепке коюлбастан экономикалык иш жүргүзүүсү - жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.";

3) 309-беренеде "10" жана "50" деген цифралар тиешелүү түрдө "50" жана "130" деген цифраларга алмаштырылсын;

4) 311-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"311-берене. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз өткөрүү

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укугуна ылайык таризделүүгө тийиш болгон тиешелүү документтерсиз өткөрүү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра кайталанып жасалса -

жеке жактарга 400 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуу жасалган учурда өткөрүлүүчү товарлар, ошондой эле укук бузуунун түздөн-түз объекттери болуп саналган товарлар ташылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуу каражаттары) ушул Кодексте белгиленген тартипте конфискацияланууга тийиш.";

5) 470-берене "90-1" деген цифралардан кийин ", 295-1" деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-4)
