# 13-берене

- Документ: [Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5694/edition/44811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038461/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 13-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-13

---

"Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 4-ноябры, № 84) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Ушул беренени колдонууда салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген жана жоюлбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар карыздар эсептен чыгарылууга тийиш. Эгерде субъектке карата төмөнкүлөр болсо, туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар эсептен чыгарылбайт:

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун айыптоочу өкүмү;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча бүтө элек кылмыш иши.".

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-14)
