# 12-берене

- Документ: [Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5694/edition/44811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038461/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 12-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-12

---

"Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 5-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-беренеде:

а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы жок болгондо 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча;";

б) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- субъектке карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;";

в) 7-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин салыктык текшерүүнүн натыйжасында пайда болгон салык карызы, анын ичинде салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген туумдар жана салык санкциялары боюнча карызы;".

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461/st-13)
