# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 847
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038454>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49759/edition/44803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038454.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038454

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 30-декабры № 847 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:

- 5-пункттун биринчи абзацындагы “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында,” деген сөздөр алып салынсын;

- 421-пункт, 81-пункттун “и” пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 82, 247-пункттардагы “өндүрүштүк” деген сөз алып салынсын;

- 245-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“245. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүү ушул Эрежелердин 237-пунктунда каралган техникалык күбөлөндүрүү үчүн аттракционду көрсөтүүнүн алдында аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) буйругу менен аттракциондун абалына контроль жүргүзүү үчүн жооптуу болуп дайындалган адам тарабынан жүргүзүлөт.”;

- 285-пункттагы “өндүрүштүк” деген сөз алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
