Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 „Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 30-декабры № 847 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:
- 5-пункттун биринчи абзацындагы “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында,” деген сөздөр алып салынсын;
- 421-пункт, 81-пункттун “и” пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 82, 247-пункттардагы “өндүрүштүк” деген сөз алып салынсын;
- 245-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“245. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүү ушул Эрежелердин 237-пунктунда каралган техникалык күбөлөндүрүү үчүн аттракционду көрсөтүүнүн алдында аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) буйругу менен аттракциондун абалына контроль жүргүзүү үчүн жооптуу болуп дайындалган адам тарабынан жүргүзүлөт.”;
- 285-пункттагы “өндүрүштүк” деген сөз алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндөЗакон · 02.08.2016 · № 160
- Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 токтомуна)Правила · 12.04.2024 · № 171
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 "Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.04.2024 · № 171