# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 859 "Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 859 "Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 859
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038408>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230038408/edition/44750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038408.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 859 "Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө" токтому (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038408

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 31-декабры № 859 Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмегин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 51, 194-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмеги жана алардын жумуш убактысынын узактыгы тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 “Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 “Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
