# Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралы №24/4-6 "Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ц-2” зонасынан “К-1” зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралы №24/4-6 "Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ц-2” зонасынан “К-1” зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/4-6
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49730/edition/44746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралы №24/4-6 "Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ц-2” зонасынан “К-1” зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038407

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ IV СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 28-февралы №24/4-6

Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ц-2” зонасынан “К-1” зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-январындагы кириш №01‑07/18 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 31‑январындагы отурумунун №1 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндө” 25‑беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Токмок шаары, Лермонтов көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан, аянты 613,0 ч.м. жер тилкесинин категориясын “Ц-2” (шаардын борбору зонасы) зонасынан “К-1” (коммуналдык чарба, транспорт, кампа жана майда өндүрүш зонасы) зонасына которулсун.”.

2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ч.К. Исаев
