Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин колдонуу тартибинин камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүнө түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1159-т
“2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин колдонуунун бир түрдүү практикасын белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: 2021-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүнө колдонуу тартибин түшүндүрмө ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме
2021-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу бөлүгүнө колдонуу тартибин ТҮШҮНДҮРМӨ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 108 "2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификацияланган. Макулдашуунун 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондун (мындан ары - Фонд), анын кирешелерин, мүлкүн жана башка активдерин, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймагында Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу анын операцияларын жана бүтүмдөрүн Фонддун кардарларында жана контрагенттеринде Фонд менен алардын операцияларына жана бүтүмдөрүнө байланыштуу келип чыгуучулардан тышкары, кайсы болбосун салыктардан, анын ичинде пайдага салыктан, жыйымдардан, алымдардан жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдөн бошотууга тийиш. Ушуга байланыштуу мамлекеттик органдардын макулдашылган позициясын эске алуу менен, Макулдашуунун 6-беренеси өзүнө Фонддун кардарларында жана контрагенттеринде Фонд менен алардын операцияларына жана бүтүмдөрүнө байланыштуу келип чыгуучулардан тышкары, Фондду Кыргыз Республикасында алынуучу бардык жыйымдардан жана салыктардан, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууну камтыйт деп белгиленет. Ошентип Фонд иш берүүчү катары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында алынуучу бардык жыйымдардан жана салыктардан, анын ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу Фонддун кызматкерлерине жайылтылбай тургандыгын белгилей кетүү керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну…Закон · 07.09.2021 · № 108