# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 1163-т (Автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын киргизүү жана күтүү зонасын жабдуу, ошондой эле “Эркечтам-автожол” өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн Ош облусу, Алай району, Памир-Алай айыл аймагы, Нура айылы, Эркечтам участогунун № 19 контуру дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 20,00 га болгон, МБКда мөөнөтсүз пайдалануу укугунда турган жер тилкесин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү.) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 1163-т (Автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын киргизүү жана күтүү зонасын жабдуу, ошондой эле “Эркечтам-автожол” өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн Ош облусу, Алай району, Памир-Алай айыл аймагы, Нура айылы, Эркечтам участогунун № 19 контуру дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 20,00 га болгон, МБКда мөөнөтсүз пайдалануу укугунда турган жер тилкесин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү.) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 1163-т
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19633/edition/44644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 1163-т (Автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын киргизүү жана күтүү зонасын жабдуу, ошондой эле “Эркечтам-автожол” өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн Ош облусу, Алай району, Памир-Алай айыл аймагы, Нура айылы, Эркечтам участогунун № 19 контуру дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 20,00 га болгон, МБКда мөөнөтсүз пайдалануу укугунда турган жер тилкесин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү.) тескемеси (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038313

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 29-декабры № 1163-т

Жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын киргизүү жана күтүү зонасын жабдуу, “Эркечтам-автожол” өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 8-бөлүгүнө, 30-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 401 “Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү датасын жана убактысын резервдөөнү уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек системасын киргизүү жана күтүү зонасын жабдуу, ошондой эле “Эркечтам-автожол” өткөрүү пунктунда бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн Ош облусу, Алай району, Памир-Алай айыл аймагы, Нура айылы, Эркечтам участогунун № 19 контуру дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 5-01-12-1002-0324, жалпы аянты 20,00 га болгон, мөөнөтсүз пайдалануу укугунда турган жер тилкесин “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
