Кыргыз Республикасынын Президентинин «А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 25-декабры № 377
А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу жөнүндө
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1, 2, 4-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылсын:
1) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
2) II даражадагы “Манас” ордени;
3) “Данакер” ордени;
4) “Даңк” медалы.
2. Жокко чыгарылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 22-апрелиндеги № 106 “А.Ш. Атамбаевди “Даңк” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Указы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 518 “А.Ш. Атамбаевди “Данакер” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 “Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгынын үчүнчү абзацы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы № 1 “А.Ш. Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар фондуна андан ары өткөрүп берүү үчүн ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана аларга таандык документтерди алып коюу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 "Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 30.11.2011 · № 311
- КР Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 1 "А.Ш.Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.11.2017 · № 1 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 22 апреля 1999 года УП № 106 "О награждении медалью "Данк" Атамбаева А.Ш."Указ · 22.04.1999 · № 106 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 311 "Республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 30.11.2011 · № 311
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 22 апреля 1999 года УП № 106 "О награждении медалью "Данк" Атамбаева А.Ш."Указ · 22.04.1999 · № 106 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ № 1 "А.Ш.Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.11.2017 · № 1 · Күчүн жоготкон