# З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 3/1 "2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 3/1 "2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/1
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49625/edition/44605/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 3/1 "2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038281

---

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 2025-жылдын 18-марты № 3/1 “2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2 - жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык,

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. З. Кайназарова айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:

1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.

3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.

3. Токтомдун атакарылышына көзөмөлдү З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Э.Б.Ибраимов
