# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 43 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 43 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19632/edition/44601/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 43 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (19.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038279

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 26-майы ПТ № 169

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:

1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 115 тескемесине ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:

- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме берет);";

- 8-пункттун жетинчи абзацы "Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин" деген сөздөргө чейин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын," деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт."; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жок болгон учурда маектешүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басарларынын бири менен жүргүзүлөт (милдеттерди бөлүштүрүүсүнө ылайык);";

- 13-пункттун экинчи абзацы "Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;

- ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык 11-тиркеме менен толукталсын.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Н. Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  | 2-тиркеме |
|  |  | "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |

Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер тарабынан толтурулат)

| 1. Аты-жөнү | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Фото |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 2. Туулган күнү жана жери: | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |  |  |  |  |  |
| 3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ооба/жок), эгерде болсо, мамлекетти көрсөтүү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | 4. Жашаган дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 5. Катталган жери боюнча дареги (4-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | 6. Байланыш маалыматтары: (телефон жана электрондук дареги) |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
| 7. Класстык чен: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 8. Аскердик наамы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктар жана сыйлоолор (аталышы, документтин номери жана берилген дата): |  |  |  |  |  |
| 10. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин көрсөтүү (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүсү |  |  |  |  |  |
| окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү |  |  |  |
| Мамлекеттик (кыргыз) |  |  |  |  |  |  |
| Расмий (орус) |  |  |  |  |  |  |
| Чет тил (кайсынысын көрсөтүү) |  |  |  |  |  |  |
| Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алынган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |  |  |  |  |  |  |
| 11. Билими. Толук маалыматты келтириңиз: |  |  |  |  |  |  |
| Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
| 12. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) |  |  |  |  |  |  |
| 13. Жарыялоолор (жарыялоолорду тиркебестен тизмектөө) |  |  |  |  |  |  |
| 14. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо, ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасы акыркы иштеген үч жери үчүн көрсөтүлүшү керек |  |  |  |  |  |  |
| Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
| 15. Жубайы, жакын туугандары |  |  |  |  |  |  |
| Аты-жөнү | Тууганчылык даражасы | Туулган күнү (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) |  |
|  |  |  |  |  |  |  |
| 16. Эгерде ушул резюменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар болсо, төмөнкүлөрдү толук көрсөтүү керек: - оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо; - белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса |  |  |  |  |  |  |
| 17. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы \_\_\_\_\_\_\_\_\_ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (бар/жок). 18. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берем \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |

".
