# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 858 "Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 858 "Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 858
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49621/edition/44591/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабры № 858 "Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038271

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 31-декабры № 858

Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Иштеп жаткан виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн

2026-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунун (криптобиржанын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтирүүгө милдеттүү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 6-мартындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын

1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

А.А. Касымалиев
