# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 15-т (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусусун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 15-т (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусусун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 15-р
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19631/edition/44589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-январындагы № 15-т (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусусун жактыруу тууралуу) тескемеси (16.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038270

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 16-январы № 15-т

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
