# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Өзгөчө укуктук режидеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Өзгөчө укуктук режидеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 800
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230038260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-49615/edition/44578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230038260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 800 "Өзгөчө укуктук режидеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (11.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230038260

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 11-декабры № 800

Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө

“Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын (мындан ары – “Тамчы” АФИА) ыңгайлаштырууга карата талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Тамчы” АФИАнын башкаруучу компаниясы жана “Тамчы” АФИАны башкаруу боюнча кеңеш “Тамчы” АФИАнын ички актыларын иштеп чыгууда жана өнүктүрүү пландарын бекитүүдө ушул токтомдо каралган Ыңгайлаштырууга карата талаптарды эске алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
