Мады айылдык кеңешинин “Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына түз берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук жөнүндө” токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры, №12/1
“Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына түз берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук жөнүндө”
Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын (2025-жылдын 31-июлундагы №183 мыйзамынын редакциясына ылайык) 5 главанын 18- статья, 21-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрь №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик жана ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндө типтүү жобонун негизинде (2023-жылдын 25-апрелиндеги 223 токтомунун редакциясына ылайык) Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасындагы өндүрүштүк багыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына убактылуу пайдаланууга түз берүү жөнүндөгү тузүлгөн келишимди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновдун билдирүүсүн Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасында жайгашкан өндүрүштүкбагыттагы 153,9 га жер аянтын “Кара-Суу 11” муниципалдык ишканасына убактылуу пайдаланууга түз берүү жөнүндө келишимин бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Аткарымдуу башкаруу укугунда муниципалдык жерди берүү жана пайдалануу эрежеси токтомго тиркелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага
К.С.Темирбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.